Бишкек шаарынын мэриясынын жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан жугуштуу оруулардын, анын ичинде таажылуу вирус инфекциясын алдын алуу максатында борбордун адамдар көп жүргөн жерлерде, айрыкча коомдук транспортторунда жана соода-сатык базарларында дезинфекциялык иш-чаралар күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, ошондой эле күнүмдүк толук санитардык дезинфекциялоону автобустар жана троллейбустар өтүшөт: кармагычтар, отургучтар, руль, панелдер жана эшиктин кармагычтары 1% хлорамидин эритмеси менен тазаланат. Айдоочуларга жана унаа жуучу жайдын кызматкерлерине кошумча инструктаж өткөрүлөт, акыркы аялдамаларда автобустардын, троллейбустардын салондорун максималдуу түрдө желдетүү менен аба-жылуулук режими камсыздалат. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бардык транспорт ишканаларында дезинфекциялоочу каражаттар жетиштүү санда болгону аныкталган. Эске сала кетсек, күн сайын каттамга 140 автобус, ошол эле санда троллейбус чыгат.

Мындан сырткары, атайын санитардык тазалоодон 35 жүргүнчү ташуучу  жеке  транспорттук ишканаларынын 500  каттамдан ашык маршруттук таксилер өткөрүлдү. Каттамдарды дезинфекциялоо улантылууда.

Наркологиялык пункттарда күн сайын ар бир айдоочунун абалы, автотранспорттун медициналык аптечкасын жана жүргүнчүлөр салонунун жалпы абалын текшерүү жүргүзүлөт. Медициналык кароодон өтпөгөн дене басымы жогору болуп,сасык тумоого чалдыккан айдоочулар линияга чыгарылбайт.

Билим берүү мекемелеринде, мектептерде жана балдар бакчаларында балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн администрация жана медицина кызматкерлерине вирустук инфекцияны алдын алуу боюнча жалпы шаардык семинарлар откорулуудо.  Ошондой эле аба-жылуулук режимин сактоо боюнча мектептерге эпидемиологиялык текшерүүлөрдү жүргүзүшөт. Ар бир мектепте ҮМБнын жооптуу кызматкерлери окуучуларга класстык саатар отуудо.
Бишкек шаарынын ЖОЖдорунда студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер үчүн профилактикалык сабактар каралган.
Коомдук тамактануу жана соода-рыноктук комплекстерде алдын алуу иш-чаралар күчөтүлгөн тратите тартылууда.

Эске салсак, шаардык саламаттык сактоо  болуму  күн сайын мониторинг жүргүзот. Эпидемиологиялык жагдай жана  дарыгерлердин отчеттору боюнча  алдын алуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгат.
Урматтуу шаардыктар!Шаардык транспортун кармагычтарын, акча жана майда тыйындарды кармаган соң колуңуздарды антибактериалдык кол аарчыларды колдонууну, ошондой эле милдеттүү түрдө колду самын менен жууп турууну сунуштайбыз. Ден соолугуңузду сактаңыз!

Бишкек-сүйүктүү сергек шаарбыз!