Жекшемби күнү эртең менен шаар тургундары бул жылы биринчи жолу веложарышка чыгышты.

Велосипедчендер менен колоннаны кичинекей балдар жана калаа башчысы Азиз Суракматов коштоду.

Биз «Адинай» жаңы паркынын түндүк тарабынан баштап, Ч.Айтматов проспектиси менен жогору чыгып,  «Орто-Сай» айылына чейин бардык. Андан кийин ал жактан Байтик-Баатыр жана Токомбаев көчөлөрү менен түшүп, иш-чара башталган жерден жыйынтыктадык. Айланма маршруттун узундугу 10 км түздү.

Катышуучуларды калаа башчысы Азиз Суракматов келе жаткан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Мэр Азиз Суракматов пандемия учурунда киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылган жана колдоо көрсөткөн шаардыктарга  ыраазычылык билдирди.

Шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн велоколоннанын ичинде аралык 1,5-2 метрге сакталып, велосипедчендерди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо шаардык башкармалыгынын үч унаасы жана тез жардам кызматынын бир унаасы коштоп жүрдү.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!