Калаада пандемия шарттарында Билим күнү өткөрүлдү. 1-сентябрда калаанын мектептеринде биринчи коңгуроо кагылып, биринчи класстар гана мектепке барышты. Жалпысынан шаардын мектептеринин босогосун 19 миң биринчи класстын окуучусу аттады.

КОВИД-19 өзүнүн өзгөртүүлөрүн киригизип, окуучулар үчүн салтанаттуу линейка өткөрүлгөн жок.

Социалдык саясат боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева, мэриянын аппарат жетекчиси Адилет Малдыбаев жана райондордун акимдери биринчи класстарды тосуп алышты.

Биринчи сабактын темасы: “Менин сүйүктүү Кыргызстаным” аталып, балдар үчүн мектептин ичинде экскурсия өткөрүлдү.

Балдардын жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн мектептерде санитардык нормалар катуу сакталып,  мектептердин ичтери дезинфекцияланды, имараттын кире бериштеринде тепловизор, хлорлонгон килемче, гигиеналык жана антисептикалык каражаттар бар.

Белгилей кетсек, баштапкы класстардын 500 мугалими ПЦР-тесттен өтүштү.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык окуучуларды жана ата-энелерди жаңы окуу жылы менен куттуктап, ден соолук, сабырдуулук, ийгиликтерди каалайт.

Урматтуу ата-энелер, чоң ата, чоң апалар! Сураныч, балдарыңыздарга санитардык эрежелер жана  аралыкты сактоо тууралуу айтып бериңиздер! Аларга үлгү болуңуздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!