Калаада талыкпай мээнет кылган, күн сайын шаардын жашоосун камсыз кылган, тазалыкты сактап, жашылдандыруу, тротуарларды, жолдорду, сейил бактарды куруп, аларды жарыктандырган мээнеткеч адамдарыбыз бар. Алар тууралуу айтууга убакыт келди.

Турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча жаңы вице-мэр Алимбек Абдылдаев турак жай-коммуналдык чарба жана отун энергетикалык комплекси боюнча шаардык кызматтардын кызматкерлерине ак ниет жана үзүрлүү  эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди.

Сыйлык алган кызматкерлердин тизмеси менен бул жерден тааныша аласыздар.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, шаарга аяр мамиле кылыңыздар, анткени шаар баарыбыздын үйүбүз!

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!