Урматтуу дарыгерлер, эпидемиологдор, медайымдар жана медмырзалар, санитарлар жана ординаторлор! КОВИД-19 вирусунун таралышынын алгачкы күнүнөн тартып, сиздер эч нерсеге карабастан, ден соолугуңуздарды, өмүрүңүздөрдү тобоокелге салып,  адам өмүрүн сактап калуу үчүн көзгө көрүнбөгөн душман менен күрөштүңүздөр. Көбүңүздөр жакындарыңыздардан, үй-бүлөңүздөрдөн бөлүнүп, жумалап өзүнчө жашадыңыздар!

Адам өмүрү үчүн күрөшкөн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз!

Бишкек шаарынын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева кызыл аймакта иштеген дарыгерлерге, эпидемиологдорго, лаборанттарга жана  медайымдарга ыраазычылык билдирди.

Сыйлангандардын тизмеси бул жерде.

Бишкек шаарынын мэриясы ар бир медицина кызматкерине боорукер жана кайраттуу жүрөктөрү үчүн ыраазычылык билдирет.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!