ДСУнун КОВИД-19 пандемиясы жөнүндө биринчи билдирүүлөрүнөн тартып шаардык муниципалитет шаарды, шаар тургундарын коргоо боюнча иштерди баштаган.

6-апрелде Бишкек шаарынын мэриясы КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы, «Сорос-Кыргызстан» фонду, «Медициналык билим берүүнү реформалоо» швецариялык долбоору жана «Кыргызтелеком» ААК менен биргеликте «Өзүн-өзү диагноздоо 118»  долбоорун ишке киргизишти.

Күнү-түнү 118 колл-борборунда клиникалык ординаторлор, өз ыктыяры менен келген дарыгерлер КРнын Саламттыкты сактоо министрлигинин алгоритми боюнча шаардыктарга акысыз медициналык кеңештерди беришти.

Борборго ар түрдүү кайрылуулар келип түшкөн, биз күлкүлүү кайрылууларды чогултуп даярдаганбыз: https://www.meria.kg/ky/post/20725

Бүгүнкү күнгө чейин 118 колл-борборуна 100 миңден ашык кайрылуу келип түштү.

Биз кыйын абалда колдоо жана жардам көрсөткөн ар бириңиздерге ыраазычылык билдиребиз! Чоң ыракмат!

Урматтуу шаардыктар! 118 колл-борбору штаттык режимде медкеңеш берүүнү улантууда. Сураныч! Аралыкты сактаңыздар, бет кап кийип, антисептик колдонуңуздар! Вирус бар жана ал коркунучтуу…

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!