Борбор калаада жылытуу мезгилине даярдыктар көрүлүүдө, биринчи кезекте мектептер жана бала бакчалар даярдалууда.  

Бул ирет борбордун социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева №5, №22, №72, №73, №164, №165 - бала бакчаларындагы оңдоо-курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Вице-мэр В.Мозгачева кемчиликтерди  дароо көрсөттү.

№5 - балдар бакчасында капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктап, электр менен камсыздоо тармагы иретке келтирилип, ичи жасалгаланды.

№22 - бала бакчада тартипсиздик чектеш аймактан табылып, вице-мэр балдар аянтчасын иретке келтирип, таманташ төшөөгө буйрук берди.

№72 - бала бакчада Виктория Мозгачева терезелерди жана тосмолорду алмаштыруу иштерин капиталдык ремонттон өткөрүү планына киргизүүнү буйруду.

№73 - мектепке чейинки билим берүү уюмунда актовый зал жок, балдарга майрамдарды жана музыка сабактарын өткөрүүгө жер жок. Шаардык мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгына бала бакчанын кеңейтилишинин долбоорун тез арада иштеп чыгуу тапшырылды.

Таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган балдар үчүн №164 - "Ак-Тилек" мектепке чейинки билим берүү мекемесинде  тамак-аш блокторунун курулушу аяктап, жасалгалоо иштери жүрүүдө.

№165 - бала бакчанын директоруна чатырды оңдоо иштерин тездетүү тапшырмасы берилди, подрядчиктер ишти бир айдын ичинде бүтүрүп беребиз деп убада беришти.

Бала бакчалардын күз-кыш мезгилине даярдыгын көзөмөлдөө шаардык мэриянын Билим берүү башкармалыгына жүктөлдү.

Текшерүү ушуну менен бүтпөйт, эртең дагы улантабыз ...

Бишкек - Балдар үчүн сүйүктүү шаарыбыз!