Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарада мэриянын аппарат жетекчиси Адилет Малдыбаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын юристи, Бишкек шаарынын куратору Т.Осмоналиев, “Кыргыз тили” коомунун Президенти Р. Курбанов, филология илимдеринин доктору Ү.Култаева мамлекеттик тилге салым кошкон кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырышты.

Иш-чарада мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө салым кошкон мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, акимиаттардын, бала бакча жана мектептердин жана башка муниципалдык мекемелердин мамлекеттик тил боюнча адистери сыйланды.

Сыйлык алгандардын тизмеси бул жерде.

Бишкек шаарынын мэриясы баарыңыздарды мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!