Шаарда жаңы сейил бактарды жана гүл бакчаларды куруу иштери улантылып жатат. Калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жөө жүргүнчүлөр үчүн жашыл аймактарды көбөйтүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Азыркы учурда шаардык кызматтардын кызматкерлери «Ынтымак-экинчи кезек» жаңы сейил багынын курулушунун үстүнөн иштеп жатышат. Курулуш иштеринин жүрүшү шаардын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри Алимбек Абдылдаевдин көзөмөлүндө. Ал дайыма тиешелүү чарба кызматкерлери менен биргеликте көчмө жыйын өткөрүп, көйгөйлөрүндө жеринде чечет. Ал өзү айткандай: «Бардык курулуш иштери технологиянын негизинде бүтмөйүнчө мен бул жерден кетпейм!»,-дейт.

Учурда «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тротуар, спорттук аянтча жана унаа үчүн токтотуу жайын куруу үчүн жерди даярдап жатышат. Вице-мэр аллеядагы жаңы бактарды коргоодо жана таман таштарды сапаттуу орнотууда өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Ушул эле убакта фонтандарды орнотуу, ирригациялык түйүндөрдү төшөө, жарыктандыруу, торшердик жана парк-бакча түркүктөрүн орнотуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Эскерте кетсек, жаңы паркта «Ротари Интернешнл» клубунун өзгөчө балдары үчүн инклюзивдүү аянтча каралган.

Жаңы жашыл аймактарды куруу графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Жашыл аймактын үстүнөн «Бишкекжашылчарба», «Бишкекасфальтсервис», «Бишкекжарык»  муниципалдык ишканалары иштеп жатат. Долбоор «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын архитекторлору тарабынан даярдалды.

Жакында пандемия басаңдайт, баарыбыз жаңы сейил бактарда, гүл бакчаларды сейилдейбиз. Бирок ага чейин өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!