Калаада жылытуу мезгилине даярдыктар көрүлүүдө, биринчи кезекте мектеп жана бала бакчаларда даярдыктар жүргүзүлөт.

Бул жолу социалдык саясат боюнча шаардын  вице-мэр Виктория Мозгачева №120, №109, №140, №157, №94, №107 бала бакчаларын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө В.Мозгачева дароо кемчиликтерди көрсөтүп, шаардык кызматтарга суук түшкөнгө чейин бардык маселелерди чечүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, бала бакчаларды күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин жүргүзүү Билим берүү башкармалыгына жүктөлгөн.

Бул багыттагы текшерүүлөр улантылууда.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!