Турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Алимбек Абдылдаев баш калаанын чарбалык кызматтарын текшерип жатат.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы жолдорго чачуу үчүн техникалык туздун запасын толуктоодо. Ишкананын кампаларында буга чейин 2652 тонна туз даярдалган, анын 433 тоннасы өткөн кыш мезгилинен калган.

Жалпысынан 6 миң 500 тонна туз сатып алуу пландалууда. Эске салсак, мэр Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен кышында шаардык жолдор техникалык туз менен гана иштетилет. Эмне үчүн кум эмес, техникалык туз колдонулат деген суроого жоопту бул жерден тапса болот: (https://www.meria.kg/ru/post/19722).

"Бишкексууканал" ӨЭБсынын кызматкерлери кышка даярданып жатышат, бүгүн Ленин районунун шаардык суу түтүгүнүн кызматкерлери үчүн "Юго-Западный" суу алуучу жайынын аймагында жаңы техникалык имаратты ачылды.

Белгилей кетсек, курулуш жыл башында башталган. Анда эс алуу бөлмөсү, ашкана, душ, ванна бөлмөлөрү, жылытуу жана муздатуу тутумдары жайгашкан. Имаратты курууга каражат “Бишкексууканал"ӨЭБсынын бюджетинде каралган.

Эми биздин кызматкерлердин эффективдүүлүгү кыйла жогорулайт, анткени алар көп жылдар бою Чуйков жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги авариялык абалда болгон имаратка жайланышкан.

Бишкек-сүйүктүү чарбалык шаарыбыз!