Шаар ишин улантууда. Калаа башчысы Азиз Суракматов шейшемби күнүн курулуш объектилерин текшерүүдөн баштады.

Текшерүү Тыныстанов көчөсү, 193 дарегиндеги, өрттөнүп кеткен салык кызматынын имаратынын ордуна курулуп жаткан бала бакчанын курулушунан башталды. Имарат өзү тургузулган, фасады даяр, айланасы көрктөндүрүлүп, учурда ички бөлүгүн жасалгалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Балдар мектепке чейинки билим берүү уюму төрт топтук ячейкага эсептелген: эки кенже, бир орто жана бир жогорку топ, жалпы саны 100 баланы түзөт.

Жалпы аянты 1216 чарчы метрди түзүп, балдар үчүн оюн жана уктоочу бөлмөлөрү, музыка жана спорт үчүн залдар, даараткана каралган.  Жертөлө кабатында кир жуучу жайы, кампа жана техникалык бөлмөлөр бар. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт жана бала бакчага 11 номери ыйгарылды. Курулуш иштеринин наркы 35 миллион сомду түзүп, шаардык бюджеттен каржыланды.

Калаа башчысы №19 мектептин кошумча курулушун дагы текшерди. Жаңы окуу корпусунун аянты 1239 чарчы метрди түзөт, эки кабаттан турган кошумча курулуш 198 окуучулук орунга ылайыкташтырылган. Ага бий залы, окуу класстары, класстан тышкаркы ийримдер үчүн кабинеттер жана китепкана жайгаштырылган. Бардык жасалгалоо иштери жыйынтыкталып, ички чырактар, өрт насостук станциясы орнотулду. Негизги мектептин имараты менен кошумча курулушту байланыштыра турган өтмө  галереяда жасалгалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, дааратканалардын ортолорун тосуу, тепкичтерди, хореографиялык залда күзгүлөрдү орнотуу жүргүзүлүүдө.

Мэр дароо кемчиликтерди байкап, кызматтарга мектепке интернет киргизүүнү, жаңы окуу залын электрондук китепкана тутумуна кошууну тапшырды.

Белгилей кетсек, мектеп сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкандыктан курулуш иштерине катуу көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Бул себептен имараттын пайдубалына 613 куб метр бетон жана 33 миң 600 килограмм арматура колдонулду. Имарат 9 бал күчүндөгү жер титирөөгө туруштук берет. Мектептин жаңы корпусун курууга шаардык бюджеттен 45 миллион сом каражат каралып, «Максат» бөдрөтчү компаниясы курууда.

Бул жылы биз шаар тургундарына дагы бир сейил бакты белек кылабыз. Шаардын түндүк бөлүгүндө, Манас жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан сейил бактын курулушу учурда кызуу жүрүп жатат. Сейил бактын жалпы аянты 7,4 га түзөт. Долбоор боюнча токой паркынын аймагы 5 зонага бөлүнөт: эспланада (чоң бош мейкиндик) менен башкы кирүү зонасы, спорттук комплекс, балдар зонасы, тынч эс алуу жана сейилдөө зонасы, чарбалык зона. Парктын аймагында кичи-футбол талаасы, волейбол жана баскетбол аянттары, скейт-парк жана велосипедчилер үчүн рампа, көрүүчүлөр жана күйөрмандар үчүн трибуна, воркаут жайгаштырылат.  Балдар зонасында оюн аянттары жана кичи аттракциондор түзүлөт, ошондой эле автомобиль токтотмолору үчүн орундар да уюштурулат. Бардык иштер толугу менен бүткөрүлүп, 2 балдар аянтчасын (алар сейил бактын жогорку жана төмөнкү бөлүктөрүнө) жана видеокөзөмөл камераларын орнотуу калды.

Унаа токтотуу жайына, вело жана чуркоочу жолго белгилерди түшүрүү боюнча жана майда кемчиликтерди жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңы сейил бактын курулушун мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен  «Российская строительная компания» бөдрөтчү компаниясы жүргүзүп жатат. Долбоордун наркы – 58 миллион сомду түзүп, шаардык бюджеттен каралган.

Шаар башчысы Капиталдык курулуш башкармалыгына жана Бишкек шаары боюнча мамэкотехинспекцияга иштин бекитилген долбоорго шайкеш келбегендиги үчүн сөгүш берди.

Бөдрөтчүлөргө таман таштарды сапаттуу төшөө жана жашыл аймактагы топурактын сапатына өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

А. Суракматов куруучуларга кемчиликтерди жоюу үчүн эки жума убакыт берди, мөөнөтү бүткөндөн кийин кайрадан текшерүү жүргүзүлөт.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!