«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы 2020-жылдын 8 айында аткарган иштеринин отчетун берди.

Калаанын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Алимбек Абдылдаев жетектеген шаардык жарыктандыруучулар тышкы жарыктандырууну модернизациялоо боюнча  бир жылдын планын 8 айда аткарып, калаанын 664 көчөсүнө 10 миң түстүү чырактарды орнотушту.

«Ишен, бирок текшер»,-деп калаа башчысы шаарды түндө текшерип чыкты.

Шаар мэри «Аскер шаарчасы 2» жана «Аска таш» жаңы конуштарындагы иштердин сапатын текшерди. Мурда бул конуштарда жарыктандыруу иштери жүргүзүлгөн эмес. Аскер шаарчасына биз 94 чырак, «Аска-Таш» конушуна 190 чырак орноттук.

Мэр конуштардан келе жатып «Бишкекжарык» ишканасынын өндүрүштүк цехине кайрылды. Бул цехте чырактар үчүн бетон түркүктөрдү жана шаардын сейил бактарына креативдүү түнкү чырактарды даярдашат.

Эффективдүү башкаруунун натыйжасында «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы биринчи жолу бир жылдык иш планын эрте аткарды. Кызыктуу факт: 1970-жылдан 2019-жылга чейин 33 миң чырак орнотулган. Бул жылы бир жылдын ичинде 18 миң чырак орноттук, бул 25 жылдын планын аткарганга тете.

Бишкек-сүйүктүү жарык шаарыбыз!