Бүгүн, КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын, ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын байкоочулары, Мамлекеттик Думанын депутаты Константин Затулин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону байкоо жүргүзүүгө катышкан эл аралык байкоочулар, борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева менен биргеликте Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюшту.

Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий ар дайым Улуу Ата Мекендик согушта Жеңиш үчүн күрөшкөндөрдүн жаркын элесине таазим кылып, гүл коюп келерин баса белгиледи.

Байкоочуларды Ардактуу кароол тосуп алып, коноктор жана шаардын вице-мэри өчпөс отко гүл коюшту.

«Өчпөс от» мемориалы Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишине арналып, 1985-жылы орнотулган. Мемориалдын авторлору-архитекторлор В. Бухаев жана В. Лызенко, скульпторлор М. Аникушкин жана Т.Садыков.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!