Шаардык муниципалитеттин жыйындар залында Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдерин куттуктоо иш-чарасы өткөрүлдү.

Социалдык маселелер боюнча калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева пандемиянын ушундай оор мезгилинде даанышмандык жана чыдамдуулук менен окуучуларына болгон күчүн жумшап, билим берип жаткан мугалимдерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Сураныч, тизмени караңыздар, тизмеде кимдир бирөөнүн апасы же сүйүктүү мугалими болушу мүмкүн. Аларга ушул сүрөттөрдү көрсөтүңүздөр. Майрамыңыздар менен, урматтуу мугалимдерибиз!

Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлангандар:

Агыбева Дааркул Арууевна — Ш.Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары;

Асипова Нурбубу Асаналиевна — Ж.Баласагын атындагы КМУнин  Социалдык-гуманитардык факультеттин жогорку мектебинин педагогика кафедрасынын башчысы, профессор;

Астраханова Света Зарылыковна — Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын административдик-укук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Беловолова Наталья Владимировна — №70 ОТК мектеп гимназиясынын экономика мугалими, окуу-тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары;

Виноградова Наталья Валерьевна — №70 ОТК мектеп гимназиясынын  баштапкы класстын мугалими, илимий-методикалык  иштер боюнча директордун орун басары;

Данилова Наталья Васильевна — №13 мектеп гимназиясынын англис тил мугалими;

Жолдошбекова Мырзагүл Бакасовна —  №52 орто мектебинин мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары;

Иманкулова Махабат Асановна — №74 мектеп гимназиясынын психологу, кыргыз тили жана адабяит мугалими;

Камчыбек уулу Мырзабек — Ж.Баласагын атындагы КМУнин социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин деканы;

Карыбекова Эльмира Бекировна —  №70 ОТК мектеп гимназиясынын кыргыз тили жана адабият мугалими;

Кулушева Джамиля Султанбековна — №90 толук эмес орто мектебинин директору;

Малдыбеков Бакыт Кубанычович — №18 ПТУнин директору;

Омурбекова Махабат Дамырбековна — Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын каржы-экономикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Омурова Толкун Омуровна —Ж.Баласагын атындагы КМУнин дин таануу бөлүмүнүн башчысы, профессор;

Сатарова Мисиркан Жакыповна — №83 орто мектебинин баштапкы классынын мугалими;

Токтогазиева Айнура Абдыбековна — №84 орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими, окуу-тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары;

Төрөгелдиева Зарима Есенгуловна — Ш.Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжинин тарбиячысы;

Умаралиева Асел Махамедалиевна - №30 атайын көмөкчү мектебинин окуу-тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары;

Мэриянын ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты:

Абирова Нуржамал Зайнидиновна — №21 орто мектебинин окуу-тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары;

Аника Ольга Анатольевна — «Лицеист ЮНИ» билим берүү борборунун баштапкы кылассынын мугалими;

Берегова Елена Валерьевна — Свердлов районунун Билим берүү башкармалыгынын укуктук маселелер боюнча башкы адиси;

Дүйшеева Асимкул Жолдошовна — №186 бала бакчасынын методисти;

Куватбекова Жылдыз Болотбековна — Ш.Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжинин окуу иштери боюнча директордун орун басары;

Омуркулова Дина Улановна — Свердлов районунун Билим берүү борборунун тарбия иштери боюнча башкы адиси;

Токталиева Салкын Койчумановна — Ш.Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжинин методисти.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!