Так ушул тапта шаардык кызматтардын кызматкерлери "Ынтымак - экинчи кезек" жаңы паркынын курулушун аяктап жатышат. Парктын аянты 8,4 гектарды түзөт. Курулуш иштери турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Алымбек Абдылдаевдин көзөмөлүндө.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жер иштерин  бүтүрүп, тротуарлардын, спорттук аянтчалардын жана автоунаалар токтоочу жайдын пайдубалын даярдашты. Вице-мэр кайрадан жаңы бактардын аллеясынын сакталышына жана төшөлүп жаткан таман таштардын сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

«Бишкекжашылчарба» көк майсан үчүн аянтты пландаштырууну аяктады, топурак жеткирилип бүттү, учурда  ирригациялык түйүндөрдү төшөө иштерин аяктап жатабыз.

Фонтандардын курулушу дагы аяктап калды,  парк-бакча жана торшердик түркүктөрдү орнотуу иштерин «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы жүргүзүүдө.

Жаңы паркта «Ротари Интернешнл» клубунун атайын балдары үчүн инклюзивдик аянтча каралгандыгын, ал жерде кичинекей жана өзгөчө бишкектиктердин таза абада эс алышына шарттар түзүлгөнүн дагы бир жолу эскертип кетебиз.

Жашыл аймактын долбоору «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын архитекторлору тарабынан даярдалган.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!