Шаардык кызматтар эч нерсеге карабастан шаардыктардын жашоо тиричилигин камсыздоо боюнча иштерди улантууда.

Борбор калаанын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен биз шаардын сейил бактарын жаңылап, жөө жүргүнчүлөр үчүн  жашыл аймактарды көбөйтүп, сейил бактарды, гүл бакчаларды, ошондой эле бала бакчалар менен мектептерди куруп жатабыз.

Курулуш жана архитектура боюнча вице-мэр  Уланбек Азыгалиев иштин жүрүшүн ишен, бирок текшер деген  принц менен текшерет.

Вице-мэр  Дайыр Асанов (Жеңиш) паркынын маңдайында, Түштүк дарбазанын жанындагы жаңы Балалык паркынын курулуш иштерин текшерди.

Парктын түндүк бөлүгүндөгү тротуарлардын ортосуна жарык берүүчү мамыларды орноткон бөдрөтчүлөрдүн  иши У.Азыгалиевди таң калтырды. Бөдрөтчүгө  долбоорлоогон кызматкер менен  биргеликте чырактарды тротуардын жээгине  жылдыруу, балдардын коопсуздугу үчүн ал жерге тосмо бадалдарды отургузуу тапшырылды.

Белгилей кетсек, курулуштун наркы  74,7 миллион сомду түзөт, куруу иштери  шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт, бирок пандемияга байланыштуу азырынча каржылоо жүргүзүлө элек. Аталган объектте "Ак ниет курулуш" компаниясы иш алып барууда.  Парктын аянты 10 гектардан бир аз ашыгыраак.

Шаардын түндүк тарабындагы Манас жана Боталиев (Щербаков) көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы спорттук парк курулууда, ал жактагы  7 гектар жерге биринчи уникалдуу скейт –аянтчасы  жайгаштырылат.

Вице-мэр баскетбол жана теннис аянтчаларында белгилерди түшүрүүнү аягына чыгарууну, скейтромдогу таман таштардагы  кемчиликтерди жоюуну  тапшырды.

Жаңы курулуп жаткан паркта "Россиянын курулуш компаниясы"бөдрөтчү компаниясы Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы  менен иштеп жатат. Долбоордун наркы 58 миллион сомду түзүп, каражат шаардык бюджеттен каралган.

Вице-мэр Уланбек Азыгалиев  Панфилов көчөсү № 310 дарегиндеги  бала бакчаны дагы текшерди.  Буга чейин ал  курулуштагы кемчиликтерди белгилеген.  Текшерүүнүн жүрүшүндө, бөдрөтчүлөр  бардык эскертүүлөрдү  ак ниет менен оңдогону аныкталды.

Аталган объектиде  «Рустехстрой» бөдрөтчү компаниясы  мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын  тапшырыгы  менен иштеп жатат. Бала бакчанын кеңейтилишине каражат шаардык бюджеттен каралып, 17 миллион сомдук чыгымдар депутаттар менен макулдашылган.

Объектилердин курулушу графикке жана өндүрүш планына ылайык өткөрүлөт.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!