Урматтуу шаар тургундары! Өлкөдө жана борбор шаарыбызда  эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева кайрадан күндүзгү стационарлардын даярдыгын текшерди.

Ленин районунун Ак-Ордо  жаңы конушунун №96 мектебинин базасына 30 орун, Жал кичи районунун №95 мектебине  50 орун даярдалды.

Биринчи май районунда "Ак-Босого" конушу,  Профессор Зима көч., 262 дарегиндеги №81 мектепте 40 орундуу, Айни  көчөсү, 13 дарегиндеги №69 мектепте  120 орундуу стационар ачууга даяр.

Октябрь районунун аймагында №6 кичи районундагы №39 мектептин базасында ачылган стационар 50 орунга,  №11 кичи районундагы №63 мектептеги стационар 40 орунга ылайыкташтырылган.

Свердлов районунда Огонбаев көчөсү, 207 дарегиндеги №4 мектепте 50 орундуу, №65  экологиялык-экономикалык лицейинин базасында 60 орундуу стационар даярдалды.

Кычкылтек концентраторлору жетиштүү, керек болгон учурда  тез арада стационарларга жеткирилет.

Бардык стационарларда дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары камдалган.

Стационарлардын дарыгерлери COVID-19 жана пневмонияны дарылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык окутулат.

Урматтуу шаар тургундары! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Өзүңүздөргө жакшы караңыздар, өз алдынча дарыланбаңыздар!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!