Шаар өз ишин улантууда. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы боюнча муниципалитет шаардыктардын ден-соолугун чыңдоо үчүн коомдук жайларды, жашыл аймактарды көбөйтүүдө.

Шаар мэри жаңы парктардын курулушун кылдаттык менен текшерип, дээрлик күн сайын курулуш аянтчаларына көчмө жыйындарды өткөрүп келет.  Бүгүн "Ынтымак - экинчи кезек" жана "Балалык" парктарын текшерди.

Ушул тапта шаардык кызматтардын кызматкерлери 8,4 га аянтты камтыган "Ынтымак - экинчи кезек" жаңы эс алуу аймагын куруп жатышат.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жер жумуштарын бүтүрүп, тротуарлардын, спорттук аянтчалардын жана автоунаалар токтоочу жайдын пайдубалын даярдашты. Фонтандардын курулушу акыркы баскычта. "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы  көк майсан үчүн аянтты даярдап, ирригациялык түйүндөрдү төшөөнү аяктады. "Бишкекжарык" кызматкерлери торшердик жана парк-бакча түркүктөрүн  орнотууну аяктады.

Ротари Интернешнл клубунун атайын балдар үчүн инклюзивдик аянтча үчүн жабдуулар орнотулуунун алдында.

Эскерте кетсек,  жашыл аймактын долбоору «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын архитекторлору тарабынан даярдалган.

Бул учурда  Дайыр Асанов атындагы (Жеңиш) парктын маңдайындагы Түштүк дарбазада жаңы "Балалык" сейил багынын курулушу кызуу жүрүп жатат. Парктын аянты 10 гектардан бир аз ашыгыраак.

Белгилей кетсек, өткөндө  курулуш жана архитектура боюнча вице-мэр У.Азыгалиевди сейил бактын түндүк тарабындагы тротуарлардын ортосуна жарык берүүчү түркүктөрдү  орноткон бөдрөтчүлөрдүн иши таң калтырган.  Курулуш компаниясына балдардын коопсуздугу үчүн түркүктөрдү  тротуардын жээгине  жылдырып, ал жерге тосмо бадалдарды отургузуу тапшырмасы берилген.

Аталган объектиде "Ак ниет курулуш" курулуш компаниясы иштеп жатат. Курулуштун наркы  74,7 миллион сомду түзүп, шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттин башчысы куруучулардан жумуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну суранды, ошондой эле кызматтарга мурда бекитилген долбоорлорду, графикти жана өндүрүш планын так аткарууну  тапшырды.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!