Шаар өз ишин улантууда. Борбор калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева вице-мэр Уланбек Азыгалиевдин эстафетасын өткөрүп алды, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэр №6 кичи районундагы №6 бала бакчаны капиталдык оңдоодон өткөрдү.

Бала бакчанын аянты 1,573 чарчы метрди түзүп,  140 орунга ылайыкташтырылган.

Учурда курулуштун  ички жана тышкы жасалгалоолору аяктап калды. Ашкана жана кир жуугуч жабдуулары алынып келинди, эмеректер, видеобайкоо камералары орнотулду, учурда ашкана жабдууларын электр кубатына туташтыруу калды. Бала бакчанын айланасын көрктөндүрүү, балдар аянтчасын орнотуу иштери аяктоодо.

Имаратты капиталдык оңдоо Капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен жүргүзүлдү. Аталган объектте бөдрөтчү «Байэл-А-Курулуш» курулуш компаниясы иштеп жатат жана шаардык бюджеттен 3 млн. 343 миң сом каражат каралган.

Курманбаева Мээрим Дүйшөнбековна мэриянын билим берүү башкармалыгынын буйругу менен бала бакчанын директору болуп дайындалды.

Эскерте кетсек, бала бакчанын имаратын калаанын жер жана транспорт саясаты боюнча вице-мэри Азиз Алымкулов баштаган муниципалдык жана жер мүлкүн тейлөө кызматынан турган команда шаарга кайтарып берген. Буга чейин, имараттын бир бөлүгүн Октябрь райондук Социалдык фондунун филиалы ижаралык негизде ээлеп келген.

Урматтуу ата-энелер! Жакында бала бакча даяр болуп, балдарды кабыл ала баштайт. Бала бакчага катталуу үчүн https://balabakcha.edu.gov.kg/ru/ сайтынан кезекке турсаңыздар болот. 23-октябрга карата 32 бала электрондук кезекте турат.

Бишкек балдар үчүн сүйүктүү шаар!