Шаар өз ишин улантууда. Мэрия шаардыктардын эс алуусу үчүн жашыл аянттарды көбөйтүп, шаардын сейил бактарын жаңыртууда.

Байтик Баатыр менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде, Д.Асанов атындагы Жеңиш паркынын маңдайында, Кыргызстан менен Азербайжандын достук паркынын жогору жагында "Балалык" жаңы сейил багынын курулушу улантылууда.

Жаңы коомдук жайлардын курулуш иштери мэрдин милдетин аткаруучу  Балбак Түлөбаевдин, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиевдин көзөмөл алдында жүргүзүлүүдө. Вице-мэр курулуш иштерине дайыма көзөмөл жүргүзүп, текшерип турат.

Ушул тапта аянты 10 гектардан ашкан «Балалык» сейил багында бак-дарактарды отургузуу, жашылдандыруу үчүн топуракты даярдоо иштери жүрүп жатат. 11-ноябрга карата жумуштар 65-70% га аткарылды, ички инженердик тармактардын,  дааратканалардын, насостук станциянын курулушу аяктады, жээк таштарды орнотуу жана таман таштарды төшөө иштери да аяктап калды.

Б.Түлөбаев куруучулардан жумуштун жана материалдардын сапатына өзгөчө көңүл бурууну суранды.
Келишимге ылайык, курулуш иштери 2020-жылдын 31-декабрында аякташы керек, бирок COVID-19 пандемиясынын кесепетинен курулуш бир аз кечеңдеп, жумуштун аякташы 2021-жылдын жазына калтырылды.
Эскерте кетсек, “Ак ниет курулуш” компаниясы аталган объектте  мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен иштеп жатат. Жалпы чыгым 74,7 миллион сомду түзүп, шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.

«Балалык» паркынын жогору жагында дагы бир жаңы коомдук аянтча курулуп жатат - бул Азербайжан Республикасынын шаар тургундары жана  коноктору үчүн белеги.

5,5 гектар аянттагы жаңы сейил бакта фонтандар жана декоративдүү бассейндер, ачык асман алдындагы амфитеатр жана балдар аянтчалары курулат.

Белгилей кетсек, коммуникацияларды тартууга каражат шаардын бюджетинде каралган, калган бардык курулуш иштери Азербайжан Республикасы тарабынан каржыланат.

Бишкек –сүйүктүү шаарыбыз!