Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында калаа башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев «Манас» эпосунун күнүнө карата өткөрүлгөн «Жаш манасчы» жана «Үйрөнчүк манасчы»  шаардык сынактарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев иш-чаранын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, «Манас» эпосунун үчилтигин сактоого, өнүктүрүүгө жана эл арасында кеңири жайылтууга кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиңирген артисти», манасчы Назаркул Сейдракмановду, эл аралык кароо-сынактардын жеңүүүсү, Гиннестин рекорддор китебине кирүү максатын көздөп, 14 саат 27 мүнөт «Манас» эпосун айткан манасчы Дөөлөтбек Сыдыковду, Кыргыз телерадио корпорациясынын «Баластан» каналынын продюсери, «Манас таануу» интеллектуалдык теле таймашынын негиздөөчүсү Кундузкан Аманованы Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйлады.

Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан уюштурулган, борбор калаанын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери арасында өткөрүлгөн  «Жаш манасчы» жана «Үйрөнчүк манасчы»  шаардык сынактарынын жеңүүчүлөрүнө Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү, Бишкек шаарынын куратору Темирбек Осмоналиев иш-чаранын катышуучуларын сыйлыктары менен куттуктап, «Манас» эпосунун күнүнө карата өткөрүлгөн шаардык сынакты уюштурууга жигердүү катышып, өз салымдарын кошуп жаткан мэриянын борбордук аппаратынын кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды.

Иш-чара манасчылар  Назаркул Сейдракманов жана Дөөлөтбек Сыдыковдун «Манас» эпосунан үзүндү айтып берүүлөрү менен коштолду.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!