«Ала-Тоо» борбордук аянтында өлкөнүн башкы балатысын жандыруу иш-чарасы өткөрүлдү.

Шаар тургундары менен биргеликте мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев, вице-мэрлер жана шаардык кызматтардын кызматкерлери балатыны жандырышты.

Белгилей кетсек, балатыны орнотуу жана жасалгалоо иштерин «Тазалык» жана «Бишкекжарык» муниципалдык ишканалары жүргүзүштү.

Бул жылы каражаттарды үнөмдөө үчүн биз эски жасалгаларды колдондук, алардын көпчүлүгү былтыр өзүбүздүн цехте жасалган. Жаңы жылдык майрамдардан кийин биз аларды сактап койгонбуз.

25 метрлик балатыга узундугу 1,5 км светодиоддук гирлянд, 650 оюнчук жана 100дөн ашык улуттук стилдеги оюлар илинди.

Борбордук аянтын кооздоо үчүн "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери өткөн жылы Ынтымак паркында кооздолгон светодиоддук жарык орнотулган туннел түрүндөгү эки инсталляцияны, эки көпүрөнү, 11 кичинекей ак бакты, 12 кар бөлүгүн, 20 чоң топту жана жаңы жылдык балатыны орнотушту.

Ортосуна 2021-жылдын башкы символу - кызыл диоддуу жана 2021 номери бар темирден жасалган буканын инсталляциясы орнотулду.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык бишкектиктерди келе жаткан жаңы жыл менен куттуктайт!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!