"Коломто" муниципалдык мекемесинде үй-жайсыз калган жарандарга жардам берүү боюнча салттуу "Мээрим" акциясы болуп өттү.

Биринчи май акимиаты шаардык жана райондук кызматтар, бейөкмөт уюмдар менен биргеликте 120 туруктуу баш калкалоочу жайы жок адамдарга жардам көрсөтүштү.

Таң эртеден баштап Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгы үй-жайсыз адамдарды жардам көрсөтүү үчүн чогултушту.

Кургак учукка каршы диспансер көчмө рентген машинасында адамдарды кароодон өткөрдү, шаардык СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун кызматкерлери ВИЧке экспресс-тест алышты, Биринчи май районунун дарыгерлери медициналык кароодон өткөрүп, муктаж болгондорго алгачкы хирургиялык жардам көрсөтүштү.

Ал жерде, документтерин калыбына келтирүүнү каалагандар, райондук мамлекеттик каттоо кызматынын адистеринен толук маалымат алышты. Биринчи май районундагы жумушка орноштуруу борбору ишке орноштуруу боюнча кеңеш берүү иштерин жүргүздү.

Белгилей кетсек, бардык экспертизалардын жыйынтыгы Биринчи май райондук администрациясына жөнөтүлөт, мындан ары социалдык жана медициналык колдоо көрсөтүү үчүн мекеменин бардык коноктору райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын  каттоосунда болушат.

Эске сала кетсек, “Коломто” муниципалдык мекемеси 1998-жылдын августунан бери жыл бою иштеп, турмуштук оор кырдаалда турган селсаяктарга жардам жана колдоо көрсөтүп келет, мекеме 70 кишиге ылайыкталган.

"Бишкек жана Кыргыз епархиясы" кайрымдуулук уюму, Кыргызстандын Улуттук Кызыл Ай Коому, Жашоонун Фонтаны Фонду мекеменин жашоочулары үчүн жылуу кийимдерди жана бут кийимдерди алып келишип, үй-жайсыздарга ысык тамак (шорпо, палоо, нан) жана таттуу шире менен чай уюштурушту.

Кыш мезгилинде туруктуу жашаган жери жок 100дөн ашык адам күнүнө "Коломто" МУда баш калкалап, тамактанышат. Алар медициналык кароодон жана алгачкы санитариядан өтүп, ошондой эле душка түшүп, кир жууганга болот. Эгерде кийим жок болсо, анда биз таратабыз.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Эгер сиз дагы жардамга муктаж жарандарга жардам бергиңиз келсе, биздин эшик  сиздер үчүн ар дайым ачык. "Коломто" муниципалдык мекемеси: Жибек-Жолу пр., 413 телефону: 0312 304855, 0555 046706 Айгүл Дондоевна (директор) жайгашкан.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!