Шаардын башкы Ала-Тоо аянтында жаңы жылдык флешмоб өттү.

Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева чоң иш-чарадан четте калган жок. Иш-чаранын башталышында А.Чыныбаева бардыгын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

Флешмоб Аяз Атанын жана Санта Клаустун кийимин кийген 120 адамдын катышуусунда өттү.

Эскерте кетсек, бул жылы салтка айланган мэрдин жаңы жылдык балатысы өткөрүлбөйт. 1500 балага мэрдин белектери райондук билим берүү борборлору аркылуу берилет. Таттууларды окуунун мыктылары, ар кандай олимпиадалардын жана конкурстардын жеңүүчүлөрү, ошондой эле борбор калаадагы мектептердин аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн окуучулары алышат.

Урматтуу шаардыктар! Флешмобдон фоторепортаж даярдадык.