Таң эртеден  баштап калаа  мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев борбордун вице-мэрлери менен биргеликте шаарды кыдырып,  объектилерди текшерүүдө.

Лев Толстой көчөсү,  134 дарегиндеги  жаш техниктер станциясынын эски имараты жайгашкан жердин абалын текшердик. Белгилей кетсек, Жаш техниктер станциясы 2018-жылы  "Кыргызконсалт" ЖЧКсынын  корутундусунун негизинде имаратты андан ары пайдаланууга жараксыз экендигине байланыштуу өз ишин  токтоткон.

Б.Түлөбаев борбор калаанын куруучуларына балдар үчүн жаңы социалдык объектинин долбоорун даярдоону тапшырды.

Ошондой эле “Көк-Жар” конушундагы Молдокулов көчөсүндөгү “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында салынып жаткан турак үйдүн курулушу менен тааныштык.

Биз Тыныстанов көчөсү,  193 дарегиндеги өрттөнүп  кеткен салык кызматынын ордунда курулуп жаткан №11 бала бакчанын ачылышына даярдыгын текшердик. Имарат  тургузулду, фасады даяр, аймагы көрктөндүрүлүп, ички жасалгалоо иштери аяктады. Бул жерде 100 баланы батыра турган төрт  топ даяр: эки кенже, бир орто жана бир чоң. Кичинекей балдар үчүн оюн жана уктоо  бөлмөлөрү,  музыкалык, спорттук иш-чаралар үчүн залдар, жуунуучу жай бар. Жер төлөөдө кампа, кир жуугуч жана техникалык бөлмөлөр даярдалып, камералар орнотулган.

Бала бакчанын аянты 1216 чарчы метрди түзөт. Наркы 35 миллион сомду түзүп, шаардык бюджеттен каражат бөлүнгөн, курулуш иштерин подрядчик жүргүзгөн.

Автобус паркынын базалары, "Бишкекасфальтсервис", "Бишкекреклама" жана "Тазалык" муниципалдык ишканалары дагы текшерүүдөн өттү.

Ошондой эле быйылкы жылы шаардын түндүк тарабында, Манас жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 7,4 гектардан ашкан дагы бир сейил бакты ачууну пландап жатабыз. Курулуш иштери аяктады.

Долбоорго ылайык, токой паркы 5 аймакка бөлүнөт: эспланадасы бар негизги кирүү аймагы (чоң ачык мейкиндик), спорт комплекси, балдар аймагы, тынч эс алуу жана сейилдөө аймагы, чарбалык аймак. Бул жерде мини-футбол аянтчасы, волейбол жана баскетбол аянтчалары, скейт паркы жана велосипедчендер үчүн пандус, машыгуу залы жана коомдук дааратканалар каралган.

Бөдрөтчү  "Россиянын курулуш компаниясы" Капиталдык курулуш башкармалыгынын талабы боюнча жаңы парктын үстүндө иштеп жатат.  Долбоордун наркы 58 миллион сомду түзөт, каражат шаардык бюджетте каралган.