Бишкекте коомчулуктун жана эксперттик экологиялык жамаатын жолугушуусу өттү. Баш калаадагы түтүн  көйгөйүн чечүү жолдору каралды.

Иш-чарага  Премьер-министрдин милдетин аткаруучу  А.Новиков, Кырыгз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Абиров, борбордун социалдык маселелер боюнча вице-мэри А. Чыныбаева, мамлекеттик жана шаардык кызматтардын адистери, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, экология жана саламаттыкты сактоо жаатындагы эксперттер жана талдоочулар катышты.

Адистик экологиялык коомчулук борбордогу түтүндүн себептерин аныктап, маселени чечүүнүн кечиктирилгис, орто мөөнөттүү жана келечектүү жолдорун талкуулашты.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын  Турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Ж.Ырсалиевдин төрагалыгы алдында борбордун өнүгүүсүн стратегиялык пландаштыруу боюнча экологиялык кеңеш түзүлгөн. Бул шаардык кызматтар менен тиешелүү тармактын адистеринин өз ара кызматташуу механизми болот.

Шаардык транспортту реформалоо боюнча: жаратылышка терс таасирин тийгизбеген унааларды, транспорттун адистештирилген  түрлөрүн киргизүүнү жана катализаторлордун  мидеттүү түрдө болушуна  экологиялык текшерүүнү түзүү  сунуштары келип түштү.

"Арча демилгеси" коомдук фондунун аткаруучу директору Дмитрий Ветошкин борбор шаарды жашылдандыруу боюнча бир катар иш-чараларды сунуштады, анын ичинде бак-дарактарды кыюуга мораторий киргизүү, шаарды коргоого ылайыкташтырылган көчөттөрдү сатып алууга багытталган (бак-дарактар, бадалдар)  шаардык бюджеттин чыгымдарынын натыйжалуулугу жогорулатуу.

Ошондой эле,  негизги багыттардын бири  Бишкек шаарынын ЖЭБин, борбордогу от казандарын жана турак жай секторун отундун альтернативдүү түрүнө өткөрүү. Биз турак жайларды газга өткөрүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкууладык, алардын катарында: алдыңкы жылытуу технологияларын колдонуучу үй чарбалары үчүн бюджеттик жеңилдиктер, үйдү жылуулоо программалары жана башка.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу шаарды көрктөндүрүү жана желдетүү боюнча узак мөөнөттүү планды эске алуу менен шаарды пландаштыруу боюнча чараларды көрүү керектигин белгиледи.

Коомдук талкуу үчүн аянтчалар тынымсыз өткөрүлүп турат.