Бүгүн, Кыргыз Республикасында кезексиз президенттик шайлоого жана референдумга байкоо жүргүзүүгө катышкан КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын, ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын эл аралык байкоочулары, борбор калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева менен биргеликте шаарыбыздын  Түштүк дарбазасындагы Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында жайгашкан Ленинград блокадасынын эстелигине гүл коюшту.

Байкоочуларды Ардактуу кароол тосуп алды, коноктор жана вице-мэр эстеликке гвоздика гүлдөрүн коюшту.                                                              
Ленинград блокадасынын эстелиги 2012-жылдын 8-майында тургузулган. Эстеликте курчоого алынган Ленинградда баласын көтөрүп турган аялдын келбети ак мрамордон  чагылдырылган. Эстеликтин түбүнө блокадада курман болгон ленинграддыктар коюлган Пискарев көрүстөнүнөн алынып келинген капсула төшөлгөн. Мемориалдык комплекс Ленинград блокадасында курман болгондорго жана 1942-жылы эвакуацияланган Ленинграддык балдарды өз үй-бүлөлөрүнө асырап алган кыргыздарга арналган. 16 миңден ашык ленинграддыктар Кыргызстанга эвакуацияланган, алардын арасында 3,5 миң жаш бала болгон.

Алардын ичинен жүздөн ашуун балдарды Ак-Булак айылындагы көптөгөн питерликтерге эне болгон Токтогон Алтыбасарова  мээрими менен тосуп алып, тарбиялап, өстүрүп жашоого узаткан.

Санкт-Петербург шаарынын бийлиги жана коомдук бирикмелер Т.Алтыбасаровага эстелик тургузууну сунушташты.