Бишкек шаарынын мэриясы борбордун мектептерин жана бала бакчаларын көбөйтүү боюнча комплекстүү иштерин улантып жатат.

Бүгүн №19 мектептин жаңы окуу корпусунун ачылышы өткөрүлдү.

Мугалимдер жана окуучулар менен биргеликте КР вице-премьер- министри Эльвира Сурабалдиева, Бишкек шаардык кенешинин төрагасынын орун басары Руслан Жакышов, социалдык маселелер боюнча шаардын вице-мэри Айжан Чыныбаева мектептин жаңы имаратын ачышты.

Эске салсак, имаратка улай салынган курулуш иштери 2020 – жылы башталган.

Бул эки кабаттуу окуу корпусу (жалпы аянты 1.239 чарчы метр) 198 окуучулук орунга ылайыкташтырылган.
Анын ичинде: бий залы, 7 окуу классы, класстан тышкары сабактар үчүн кабинеттер, электрондук китепкана жана информатика боюнча интерактивдүү панели менен инновациялык класс жайгашкан. Башкача айтканда, балдардын сапаттуу жана татыктуу  билими үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Белгилей кетсек, мектеп жер титирөө коркунучу бар жерде жайгашкан, кошучма салынган курулуш 9 баллдагы жер силкинүүсүн көтөрө алат деген эсеп менен салынды. Жаңы имараттын конструкциясы күчөтүлгөн, фундаменти кайчылаш тилке, ага 613 кубометр бетон жана 33 миң 600 киллограм арматура колдонулду.

Жаңы окуу корпусун курууга шаардык бюджеттен  45 миллион сомго каралып,  курулуш иштерин «Максат» компаниясы жүргүздү.

Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 1963 жылы салынган. Бул жерде 1100 ашык окуучу билим алат, долбоордук кубаттулугу – 520 орун. №19 орто мектептин директору Гульзат Курманбаева.

Балдар бул мектептен сапаттуу билим алып, жакшы адистер жана өлкөнүн чыныгы патриоттору болуп чоңойушат деген үмүттөбүз!