15-февралда Ататүрк сейил багындагы мемориалда интернационалист жоокерлердин эстелигине гүлчамбарларды коюп, курман болгондордун элеси эскерилди.

Курман болгондордун элесин шаардыктар, Ооганстандагы согуш аракеттеринин ардагерлери жана алардын үй-бүлөлөрү, Афганистандагы согуштун ардагерлеринин республикалык кеңешинин лидери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кожобек Рыспаев, Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, вице-мэр Айжан Чыныбаева, Ооганстандагы согуштун жана аскердик чыр-чатактардын ардагерлер "Күрөшкөн боордоштук"  кеңешинин төрагасы Абдыгул Чотбаев жана Октябрь районунун акими Данияр Арпачиев эскеришти.

Белгилей кетсек, эскерүү иш-чаралары Бишкек шаары боюнча өткөрүлүп жатат, борбордун ар бир районунда согуштук аракеттерге катышкан баатырларга чын жүрөктөн ыраазычылыктарын билдиришет, курман болгондордун элесин эскеришет.
Советтик аскерлердин чектелген контингенти 1979-жылы декабрда Ооганстанга алынып келинген жана дээрлик 10 жылдан кийин, 1989-жылы 15-февралда чыгарылган.

Ооган согушуна 7140 кыргызстандык катышкан, алардын 252си согушта курман болгон, 1500 адам ар кандай жарааттар менен кайтып келишкен, төрт адам дайынсыз жоголгон.

Шаардын социалдык камсыздоо органдарында 724 интернационалист жоокерлер каттоодо турат. Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерден жаракат алган майып аскер кызматчыларына республикалык бюджеттин эсебинен ай сайын 7 миң сом, катышуучуларга 6 миң сом, каза болгондордун жесирлерине 1 миң сомдон акчалай компенсация төлөнөт.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ооганстанда курман болгон 11 жоокердин үй-бүлөсүнө квартал сайын стипендия төлөнүп турат, быйыл жөлөк пулдун көлөмү 1500 сомдон 3000ге чейин көтөрүлдү. Ошондой эле, жыл сайын райондук бюджеттер аркылуу бир жолку материалдык жардам көрсөтүлүп турат.