Мамлекеттик резиденциясынын “Конгресс-Холл” үйүндө  Хусаин Карасаевдин жана Касым Тыныстановдун 120 жылдык мааракелерине жана 21-февраль – Эл аралык эне тили күнүнө карата иш-чара өткөрдү.

Ага Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, Республикалык “Кыргыз тили” коомунун, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Х.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын Кеңешинин, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында кыргыз элинин чыгаан инсандары Хусаин Карасаевдин жана Касым Тыныстановдун 120 жылдык мааракелерине арналган видео- тасмалар көрсөтүлүп, украин диаспорасынын өкүлү О.Гайнуллина “Манас” эпосунан “Каныкейдин жомогунан” үзүндүнү украин тилинде айтуу менен катышуучулардын көңүлүнө толду.

Майрамдык салтанат Бишкек шаарынын мэриясынын “Доор” фольклордук-этнографиялык ансамблинин майрамдык концерти менен аяктады.