Бүгүн Бишкек шаарынын мэринин милетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов шаардыктарды кыдырып, Бишкек шаарынын айымдарын келе жаткан 8-март Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады.

Алгач, Кыргыз Республикасынын ардактуу ардагери Касатых Валентина Андреевнага бардык. Ал 1927-жылы 15-майда Россия Федерациясынын Пермь облусунда туулган. Новосибирск шаарындагы Чкалов атындагы авиация заводунун аскердик объектилерин коргоо боюнча Ички иштер эл комиссариатында кызмат өтөгөн. Андан кийин 1943-1945-жылдары Украин фронтунун Ички иштер эл комиссариатында, "Смерш" чалгындоо кызматында кызмат өтөгөн.

"Германияны жеңгендиги үчүн", "Эрдик үчүн", "Аскердик артыкчылыгы үчүн", "Жуков" жана башка медалдар жана ордендер менен сыйланган.

Согуштан кийин, 33 жыл Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде кызмат өтөгөн. Ал кынтыксыз кызматы үчүн жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн сыйлыктарына ээ болгон. 25 жылдан ашуун убакыттан бери ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана тылдын эмгекчилеринин облустук кеңешинин төрагасы.

Азыр, Валентина Андреевна - үч небере жана алты чөбөрөлүү болгон бактылуу чоң эне.

Кийинчерээк биз Керимбекова Назгүл Мойноковнаны куттуктадык.Ал, 10 жылдан бери Биринчи Май районунун №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда медайым болуп иштейт. Жалпы эмгек стажы 22 жыл.

Коронавирустук инфекциянын жайылышынын кызуу мезгилинде Назгүл Мойноковна К. Кожомкул атындагы Спорт Ордосундагы күндүзгү оорукананын интенсивдик бөлүмүндө медайым болуп иштеген.

Б.Кудайбергенов башталгыч класстын мугалими Шалохина Любовь Сергеевнаны куттуктады. Ал башталгыч класстарда билим берүүнү өнүктүрүүгө жигердүү катышат, жаш жана жаңы келген мугалимдер үчүн туруктуулуктун жана берилгендиктин мыкты үлгүсү болуп саналат. Кесиптештеринин, окуучуларынын жана ата-энелеринин арасында сый-урматка ээ.

Ошондой эле мэрдин милдетин аткаруучу Кымбат Түлөбаеваны - сегиз баланын энеси, үй кожойкесин куттуктады. Ал “үй - бүлөгө көмөк”жөлөк пулунун жана квартал сайын берилүүчү стипендиянын ээси.

Бишкек шаарынын мэриясы сүйүктүү айымдарыбызды, чоң энелерибизди, эжелерибизди жана кыздарыбызды келе жаткан жаз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт!