Ковид-19дун алгачкы учурларынан баштап, дарыгерлер, ыктыярчылар, шаардык кызматтардын кызматкерлери жана камкор шаардыктар көзгө көрүнбөгөн душман менен күрөшүүнүн  башында турушту.

Ч. Айтматов атындагы орус драма театрында  пандемиянын каармандары үчүн "Боорукер жүрөк" эскерүү кечеси уюштурулуп,  ал театрдын артисттеринин  жана Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын   концерттик программасы менен коштолду.

Салтанаттуу иш-чарада социалдык саясат боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева көзгө көрүнбөгөн душманга каршы күрөшүүгө салым кошкон дарыгерлерге жана ыктыярчыларга ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды.