Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Израиль Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лиат Векселман айым менен жолугушту.

Жолугушууга Кыргызстандын еврей диаспорасынын төрагасы В.Крицман жана социалдык маселелер боюнча калаанын вице-мэри А.Чыныбаева катышты.

Аталган жолугушууда эки тараптын соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташуусу, ошондой эле Хайфа жана Бишкек шаарларынын ортосундагы мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды.

Иш сапардын алкагында баш калаадагы мектептердин аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 15 окуучусуна Израилдин элчилигинен планшеттер белекке берилди.

Б.Кудайбергенов кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, элчиге иш сапары үчүн ыраазычылык билдирди.