18-мартта Москва шаарынын Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү калаа мэриясынын жашыл челленджин колдошту

Көчөт отургузууга Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, Бишкек шаарынын турак -жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев, Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын президенти Акбар Маразыков катышты.

Белгилей кетсек, 10-мартта меморандумга кол коюлуп, ушул келишимдин алкагында ишкерлер борбор шаарга Чүй проспектисин бойлой отургузулган 56 түп чынар терек көчөттөрүн белек кылышты.

Ошондой эле, экинчи меморандумдун алкагында, стихиялуу унаа токтотуучу жайга 50 даана липа көчөттөрү отургузулду.

7-апрель / Менделеев көчөлөрүнүн кесилишинде азыр "жашыл" зона түзүлдү.

Липы "Мэри-Клуб" жеке компаниясы тарабынан белекке берилген.

Бактарды отургузууга "Бишкекжашылчарба" МИнын жумушчулары жардамдашып, көчөттөрдү тигүү үчүн чуңкурлар даярдалды.

Урматтуу шаардыктар! Эгер сиздер дагы борбор шаарыбызды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга катышууну кааласаңыздар, төмөнкү номурлар аркылуу байланышсаңыздар болот: 0(312) 37-53-30, WhatsApp (0550) 76-09-66.

Маанилүү! Көчөттөрдү сатып алуудан мурда, (0550) 76-09-66 WhatsApp номуру аркылуу көчөттүн сүрөтүн жөнөтүңүздөр.

"Жашылчарбанын" кызматкерлери сиздерге тез арада консультация берип, отургузуу учурунда жардам беришет.