Борбор калааны тазалоого, жалпы шаардык ишембиликке  шаар тургундары, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, муниципалитеттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, шаардык кызматтардын, райондук администрациялардын кызматкерлери, ошондой эле мекеме, уюмдар жана чарба субъектилери чыгышты.

Шаардык муниципалитеттин аппаратынын  жалпы жамааты "Физкультурный" скверин иретке келтирди.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов ишембиликтер туруктуу негизде өткөрүлүп турарын белгиледи.

Тазалоо иштеринен тышкары, борбордун  жашылдандыруу, көрктөндүрүү  өнөктүгүнүн алкагында ондон ашык бак-дарак отургуздук. Улуттук банктын кызматкерлери шаарга ири көлөмдөгү 30 липа көчөтүн белек кылышты. Манас проспектисинин жээгиндеги Океан дүкөнүнүн маңдайындагы жөө адамдар аймагына Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана Улуттук  банктын төрагасы Т.С. Абдыгулов белек кылынган көчөттөрдү отургузушту.

Андан кийин  Б.Кудайбергенов жана турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев "Физкультурный" скверине  30 эмен көчөттөрүн отургузду.

Жалпы шаардык ишембиликке катышкан жана сүйүктүү шаарыбыздын кыйла таза болушуна жардам берген ар бир камкор шаар тургунуна ыраазычылык билдиребиз!