Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов шаар активи менен жолугушту.

Шаардыктардын суроолору көп болуп, мэрдин милдетин аткаруучу райондук акимчиликтердин, ишканалардын жана муниципалитеттин бөлүм башчылары менен биргеликте жашоочулардын ар бир кайрылуусун кунт коюп угушту.

Бишкектиктердин көпчүлүк суроолоруна дароо жооптор берилди.

Бир катар кайрылуулар боюнча мэрдин милдетин аткаруучу Б.Кудайбергенов шаардык кызматтарга тийиштүү тапшырмаларды берди, бардык маселелер аткарылышы үчүн көзөмөлгө алынды.