Велосипедчендер менен бирге колоннанын башында борбордун мэринин милдетин аткаруучу Кудайбергенов Бактыбек Жапарович өзү жүрдү.

Биз «Адинай» жаңы паркынын түндүк тарабынан баштап - М. Гшлессер көч., Ч.Айтматов проспектиси менен А.Масалиев көчөсүнө чейин көтөрүлүп, ал жерден чыгышка карай Токомбаев жана Нуркамал Жетикашаева атындагы көчөлөрүнүн кесилишине багыт алып, ден соолукту чыңдоочу паркка Токтоналиев көчөсү менен кайтып келдик. Жалпы жонунан айланма маршруттун узундугу 10 чакырым түздү.

Шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн велоколоннанын ичинде аралык 1,5-2 метрге сакталып, велосипедчендерди жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо шаардык башкармалыгынын үч унаасы жана тез жардам кызматынын бир унаасы коштоп жүрдү.