Бүгүн, “Ата-Түрк” сейил багында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты борбор калаанын мэриясынын жашыл чакырыгын колдоду.

Ишембиликтен кийин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов, Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, шаардын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жана өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери сейил бакка көчөттөрдү отургузушту.

Премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү отургузулган көчөттөр бизнес менен жаңы диалогдун башталышынын символу болуп калат.

Премьер-министр Өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоонун кепилдиктерин камсыз кылуу маселеси экендигин баса белгиледи.

"Бул күн биз үчүн мамлекет менен бизнес секторунун кызматташтыгынын жаңы этабын билдирет", - деп жыйынтыктады Улукбек Марипов.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан Кыргыз Республикасында ишкердикти колдоо максатында уюштурулган.

Бактарды отургузууга "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын жумушчулары көчөттөрдү тигүү үчүн чуңкурларды даярдап, жардамдашты.

Урматтуу шаардыктар! Эгер сиздер дагы борбор шаарыбызды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга катышкыңыздар келсе, анда төмөнкү номурларга чалыңыздар: 0 (312) 37-53-30, WhatsApp (0550) 76-09-66.

Маанилүү! Көчөттү сатып алуудан мурун WhatsApp (0550) 76-09-66 номерине көчөттүн сүрөтүн жөнөтүңүз.

"Бишкекжашылчарбанын" кызматкерлери сизге тезинен кеңеш беришип, отургузууга жардам беришет.