Бүгүн борбор калаада салтка айланган ишембиликтер өткөрүлүп, тазалоо иштеринен тышкары биз бак-дарактарды отургузуудабыз.

Шаардыктар, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков, борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, вице-мэрлер №6- кичи районундагы Сухэ-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги келечектеги гүл бакка 30 катальпа көчөтүн отургузушту.

Белгилей кетсек, сейил бактын аймагында күркөлөр  жайгашкан. Жеңилдетилген типтеги объектилер демонтаждалып башка жерге көчүрүлөт, муниципалитет ишкерлерди киреше булагысыз калтырбайт. Келишимге ылайык, ижарачылар шаардык долбоорлорду ишке ашырууда жер тилкесин ыктыярдуу бошотууга (кепилдик милдеттенмеси) макулдук берет.

Ошондой эле, Тоголок Молдо атындагы аянтта Суворов мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн "Батор" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү 50гө жакын бак-дарак: 20 түп чынар жана 30 эмен көчөтүн отургузушту.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын эмгекчил кызматкерлери шаардыктарга жаш көчөттөрдү отургузууга жардам беришти.