Бүгүн, 12-апрелде, космоско адам учкан биринчи күндөн бери туура 60 жыл өттү. 1961-жылы советтик космонавт, улук лейтенант Юрий Гагарин “Байконур” космодромунан учуп чыгып, дүйнөдө биринчи жолу Жер планетасынын айланасында орбиталык учууну жасаган.

Авиация жана космонавтика күнүнө карата шаардыктар борборго белек тартуулашты.  №25- мектептин аймагында СССРдин учкуч-космонавты, Советтер Союзунун Баатыры Юрий Алексеевич Гагариндин бюсту орнотулду.

Эстеликтин ачылышына шаардыктар, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүгүүнү мониторингдөө жана жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко, борбордун вице-мэри Айжан Чыныбаева жана "Диалог Культур – Единый мир" жана "Саякбай манасчы" эл аралык коомдук фонддорунун өкүлдөрү катышты.

Бишкек шаарынын мэриясы бул эң сонун долбоорго катышкан ар бириңиздерге  чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Демилге үчүн эл аралык коомдук фонддордун өкүлдөрүнө, сүрөтчүлөр менен скульпторлорго жасаган иштери үчүн рахмат.

Бардык шаардыктарды, ошондой эле күнүмдүк иши асман, авиация менен байланышкан адистерди Космонавтика күнү менен куттуктайбыз! Сиздерге тунук жана ачык асман, чың ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайбыз!