Шаардын борборуна, Чүй проспектисинин Эркин бульвары менен кесилишкен жерге улуттук баатыр Бишкек баатырдын айкели орнотулду.

Айкелди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкери Карыпбек Алымкулов, Улуттук илимдер академиясынын Бегималы Джамгырчынов атындагы Тарых, археология жана экология Институту” мекемесинин директору Аблабек Асанканов, Бишкек баатырдын таякелеринин атынан Тургунали Арипов, тарых илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргызстандын маданиятына эмгеги сиңген ишмер Кыяз Молдокасымов, Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри Темир Сариев ачты.

Айкел колодон жасалып, жарым метр пайдубалын эске албаганда, бийиктиги үч метрди түздү.

Скульптор - Адил Сейталиев, Бишкек Баатырдын эстелигинин мыкты долбоору боюнча борбордук мэрия тарабынан 2019-жылы өткөрүлгөн ачык сынактын жеңүүчүсү. Эскерте кетсек, “Бишкекбашкыархитектура” МИнин базасында долбоорлордун эскиздери, конкурстук иштер жана тандоо кеңеши ачык форматта өткөрүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясы айкелдин орнотулушуна салым кошкон ар бириңиздерге “Бишкек баатыр”, “Солто” коомдук бирикмелерине, автордук жамаатка: скульптор Адиль Сейталиевге, архитектор Урмат Давлетовго жана албетте, эскиздик долбоордун ачык коомдук талкуусуна катышкан шаар тургундарына терең ыраазычылык билдирет.