Шаар өз ишин улантууда.

Бүгүн, мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, жер, архитектура жана курулуш маселелери боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу жана Кыргыз Республикасында жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу  боюнча China Road and Bridge Corpоration in Kyrgyzstan корпорациянын өкүлдөрү менен биргеликте  Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен "Бишкек шаарында көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагындагы курулуш иштеринин жүрүшүн текшерүүдө.

Азыр, “Ак-Ордо” жаңы конушундагы Айбике көчөсү Гагарин көчөсүнөн темир жол кесилишине чейин курулуш иштери жүрүп жатат, бул жерде сугат түтүктөрү тартылып, көчөнүн чыгыш тарабына тротуардын пайдубалы даярдалууда.

Мэрдин милдетин аткаруучу Капиталдык курулуш башкармалыгына жолдун курулушун Дэн Сяопин проспектисине чейин узартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды, бул чечим борбор калаанын кире беришиндеги көчөлөрдө автоунаа кыймылын жеңилдетет.

Экинчи объект – “Ак-Ордо” жаңы конушундагы Каркыра көчөсү Гагарин көчөсүнөн Ак-Ордо көчөсүнө чейин, узундугу 1,645 метр. Бул жерде азыр электр зымдары үчүн келечектүү түтүктөрдү куруу иштери жүрүп жатат, топурак казылып, шагыл таштар менен толтурулууда, аны менен катар, №96- мектептин тосмосун жылдыруу иштери жүрүүдө.

Ошондой эле, шаар башчысы “Арча-Бешик” конушундагы Жунусалиев көчөсүн Абдрахманов көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин жолдун курулуш иштерин текшерди.

Бул тилкеде сугат түтүктөрү тартылып, сугат лотоктору жана жээк таштары орнотулууда, унаа жолу жана тротуар үчүн жер иштери жүрүп жатат.

Текшерүү Сухэ-Батор көчөсүндө аяктады, ал жерде “Аламүдүн” дарыясынан өтүүчү көпүрө курулуп жаткан.

Курулуш иштери аяктагандан кийин  айдоочулар Каралаев көчөсүнөн Ш.Баатыр көчөсүнө чейин Ботаникалык бакты айланбай түз өтө алышат.

Урматтуу шаардыктар! Курулуш иштери учурунда биз бак-дарактарга зыян келтирбөөгө жана аларды сактап калууга колдон келген аракетибизди жумшайбыз. Алып салууга туура келген бардык бак-дарактардын ордуна сөзсүз түрдө башка бактарды отургузабыз.

Капиталдык курулуш башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, Кытай Эл Республикасынын грантынын алкагында жолдорду жана тротуарларды реконструкциялоо боюнча бардык оңдоо, калыбына келтирүү иштери өз убагында бүтөт деп ишендирет.