Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов борбор калаанын спортчуларын лицензиялык турнирлердеги жана эл аралык мелдештердеги ийгиликтери менен куттуктады!

Мэрдин милдетин аткаруучу спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, Токиодогу Олимпиада ийгиликтерди каалады жана акчалай сыйлыкка сертификаттарды тапшырды.

100 миң сом өлчөмүндөгү байге төмөнкүлөргө ыйгарылды:

1. Айсулуу Тыныбекова;
2. Мээрим Жуманазарова;
3. Жоломан Шаршенбеков;
4. Дарья Маслова;
5. Айпери Медет кызы;
6. Атабек Азизбеков;
7. Узур Джузупбеков
8. Эрназар Акматалиев;
9. Азат Аманбеков;
10. Владимир Золоев.

50 миң сомдук сыйлык жеке машыктыруучуларга, спортчулардын мугалимдерине берилди:
1. Изабеков Нурбек Канатбекович;
2. Махмудов Хаким Махмудович;
3. Калилов Уран Калилович;
4. Мамбетов Кубат Раатбекович;
5. Тунук Андрей Васильевич;
6. Джуманазаров Рахмадилла Кадыркулович;
7. Мамышев Ырысбек Барыктабасович;
8. Юнусов Абдужалил Мажитович;
9. Борисова Татьяна Викторовна.

СДЮСШОРдун директорлору ыраазычылык каттары жана эстеликтер менен сыйланышты:
1. Бекбоев Жолдошбек Доталиевич;
2. Бокоев Бактияр Макенович;
3. Кулматов Кочкорбек Заирбекович;
4. Беккулов Талант Асылбекович.

Биздин спортчулар Дүйнѳ чемпионатына, Азия жана башка оюндарга катышып, ийгиликтерди багындырып келишүүдѳ. Албетте спортто жеңүү да, жеңилүү дагы болот. Спортчулардын жемиштүү ийгиликтерине жетишине  мыкты машыктыруучулардын да салымы зор. Биз сиздер  менен сыймыктанабыз.

Биздин, борборубуздун спорт мектептеринин тарбиялануучулары: Айсулуу, Мээрим, Жоломан, Дарья, Айпери, Атабек, Узур, Эрназар, Азат жана Владимир- Сиздер азаматсыздар!

Сиздер мамлекеттер менен достук мамилени чыңдоого, бекемдөөгө себепсиздер,  ошондой эле  көптөгөн адамдарга үлгү болуп келесиздер! Сиздердин спорт тармагына кошкон салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем!
Биздин спортчулар сергек жашоо үлгүсүн даңазалап, ден соолуктун аруулугун сактап, өлкөбүздүн спортунун өркүндөп-өсүшүнө салмактуу салым кошуп келет!

Урматтуу биздин спортчулар!
Эч качан бир жерде токтоп калбастан алдыга умтулуу менен көп жеңиштер сиздердики болсун!

Токио-2021 Олимпиадасында  желегибизди көкөлөтүп, асманга желбиретип, жер жүрүзүнө Кыргызстанды даңазалап, чоң жеңиштерге ээ болушуңарга тилектешмин.

Урматтуу машыктыруучулар! Спортчуларыбыздын ар бир жетишкендиги, ар бир жеңиши - бул силердин  эмгегиңер. Аракетиңиз, убактыңыз, жетекчилигиңиз жана жасаган чоң ишиңиздер үчүн терең ыраазычылык!