Шаар ишин улантууда. Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов вице-мэр Азамат Сагындык уулу жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте курулуш жүрүп жаткан объектилерди текшерүүдө.

Муниципалитеттин башчысынын милдетин аткаруучу №11 кичи районундагы №3 ("Ласточка") мектепке чейинки билим берүү уюмундагы капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бүгүнкү күндө демонтаждоо, имараттын тышкы жылуулук изоляциясын орнотуу жана тышкы жылуулук тармагын алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Учурда имараттын ичин жасалгалоо, терезе блокторун, бөлүктөрдү, электр зымдарын орнотуу жана чатырды иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. Бардык жумуштар санитардык эрежелерге жана ченемдерге ылайык жүргүзүлүүдө.

Оңдоо жана курулуш иштерин жүргүзүү үчүн шаардык бюджеттен болжол менен 22,6 миллион сом каралган. Аталган объектте бөдрөтчү "Орбитал Строй" компаниясы иш алып барууда.

Эске салсак, КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7- октябрьндагы токтому менен бул эки кабаттуу имарат муниципалдык менчикке өткөн. Буга чейин Кыргызпатенттин кеңсеси ошол жерде жайгашкан. Бала бакча 105 орунга ылайыкташтырылган.

Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан Р.Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинин курулушу жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө имарат тургузулуп, тышкы инженердик тармактар жүргүзүлдү (суу менен камсыздоо, канализация, жылуулук менен камсыздоо, электр менен камсыздоо). Жумуш уланууда.

Комплекстин курулушун  «Бийик KG» компаниясы жүргүзүүдө. Курулуштун наркы 50 миллион сомдон жогору. Курулуш шаардык бюджеттен каржыланууда.

Ошол эле учурда №9 балдар көркөм сүрөт мектебинин долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу аяктап жатат. "Градстройресурс" долбоордук уюму тарабынан 832 миң 935 сомдук жумуштар аткарылып, каражат шаардык бюджетте каралган.