Ишемби күнү таң эрте бишкектиктер салтка айланган жалпы шаардык ишембиликке чыгышты.

Борбор калааны тазалоого  шаар тургундары, муниципалитеттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, шаардык кызматтардын жана райондук администрациялардын  кызматкерлери, ошондой эле уюмдардын, ишканалардын жана чарбалык субъектилердин өкүлдөрү, жалпысынан 11 миңге жакын адам  катышты.

Ишембиликте 111 тонна таштанды чыгардык. Тазалоодон  тышкары, 680 көчөт отургуздук.

Жалпы шаардык ишембиликке катышкан жана сүйүктүү шаарыбыздын кыйла таза болушуна жардам берген ар бир камкор шаар тургунуна ыраазычылык билдиребиз!