Бүгүн Чернобыль атомдук электр станциясындагы авария жоюлганына  35 жыл толду. Ю.Фучик атындагы сейил бакта Чернобыль атомдук электр станциясындагы апааттын эл аралык эскерүү күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

Митинг-реквиемдин катышуучулары курман болгондордун элесин бир мүнөттк тыныгуу менен эскеришип, Чернобыль курмандыктарынын эстелигине гүл коюшту.

Учурда Бишкек шаарында Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын 259 катышуучусу  жана алардын жесирлери жашашат, анын ичинен 183 майыптар, 60 катышуучулардын жесирлери, 16 кырсыктын кесепеттерин жоюуга түздөн-түз катышкандар.

Жеңилдиктерди оптималдаштыруу жана даректүүлүктү күчөтүү максатында, 2010-жылдын 1-январынан баштап Республикалык бюджеттин эсебинен Чернобыль атомдук электр станциясына катышкан Советтик Армиянын майыптарына, Чернобыль АЭСинин майыптарына, Чернобыль атом электр станциясынын катышуучуларына жана Чернобыль АЭСиндеги жесирлерге ай сайын акчалай компенсация төлөнүп берилет.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бул категориядагы жарандарга жыл сайын даректүү социалдык жардамдын жана жеңилдиктердин төмөнкү түрлөрү берилип келет: телефон үчүн абоненттик төлөмгө  100% жеңилдиктер, квартал сайын 500 сом өлчөмүндө стипендия,  Чернобыль атомдук электр станциясындагы жоюлуунун катышуучуларынын жесирлерине 3000 сом өлчөмүндө, балдар үчүн  жаңы жылдык белектер, ошондой эле, ЧАЭС күнүнө карата жесирлерге 8000 сом, катышуучуларга жана майыптарга  5000 сом өлчөмүндөгү бир жолку жөлөк пул берилет.

Иш-чарага шаардыктар, Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты жоюуга катышкандар,  борбордун вице-мэри Айжан Чыныбаева, Украинанын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Валерия Жовтенко, Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын Беларуссиядагы элчиликтеринин өкүлдөрү, Ленин районунун акими Мелис Өскөмбаев,  Бишкек шаардык "Союз Чернобыль" коомунун төрагасы Тилек Өмүрбеков катышты.