Бүгүн, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Улуу Ата Мекендик согуштун (Экинчи Дүйнөлүк) ардагерлерине барып, чоң ата-чоң энелерди Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады.

Мэрдин милдетин аткаруучу Касмалы Осмоновго, Анна Алексеевна Кутановага, Александр Васильевич Павликовго жана Надежда Ивановна Мадраимовага барып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоосун, белектерин тапшырып, аларга чың ден-соолук, бакубат жашоо каалады жана эң негизгиси алардын өлбөс-өчпөс эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан ардагерлерге, согуштун майыптарына 70 миң сомдон төлөндү. 

Учурда шаардык социалдык коргоо органдарында Улуу Ата Мекендик согуштун 650 ардагери каттоодо турат, анын ичинен 9 Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, 32 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, 11 концлагерь туткундары, Ленинграддын 10 блокадачысы, 204 үй фронттун жумушчулары, согушка катышкан жоокерлердин 382 жесир аялдары,   1 эмгек жоокери, согушта курман болгон жоокерлердин 1 үй-бүлөсү.