Бишкек шаарынын мэриясынын иш жумасы шаарды санитардык тазалоо менен башталды.

Бүгүн борбор калаа мэринин  милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун демилгеси менен «Ош» базарынын 400 ишкери жана шаардык кызматтардын кызматкерлери «Ала-Арча» суусунун жээгин  Айтматов проспектисинен Чүй проспектисине чейинки аралыгын тазалашты.

Дарыянын жээктерин желим бөтөлкө, чүпүрөк жана башка таштандылардан тазаладык.

Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн бардык жылдарында базарлардын ишкерлери шаардын санитардык тазалоосуна катышкан эмес.