Бүгүн, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана социалдык саясат боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева санитардык эрежелерди сактоо менен борбор калаадагы баатыр энелерди куттукташты.

Бүгүнкү майрамы менен  “Арча-Бешик” конушунун тургуну 1957-жылы туулган Гүлмайрам Канаеваны куттуктады, Гүлмайрам Канаева 7 баланы тарбиялап, “Баатыр Эне” ордени менен сыйланган.

“Рухий-Мурас” жаңы конушунун тургуну, 1967-жылы туулган, 7 баланы тарбиялап жаткан, “Баатыр Эне” ордени менен сыйланган Бүбүайра Асырановна Кулманованы майрамы менен куттуктадык.

Фаткулина Гульнара Габдышевна, 1947-жылы туулган, 6 баланы тарбиялап, “Эне Даӊкы” медалы менен сыйланган, апабызды дагы майрамы менен чын жүрөктөн куттуктадык.

1936-жылы туулган, 7 баланы тарбиялап жаткан, “Баатыр Эне” ордени менен сыйланган Абдыраева Нарнис апабыз унутта калган жок.
Ошондой эле, вице-мэр 7 баланы тарбиялап, “Баатыр Эне” ордени менен сыйланган Аида Кулмамбетованын үй-бүлөсүн куттуктады.
В.Мозгачева үй-бүлөөгө чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалап, белектерди жана акчалай жардам берди.

Белгилей кетсек, райондук акимиаттардын башчылары баатыр энелерди баалуу белектерди тапшыруу жана материалдык колдоо көрсөтүү менен куттукташты.

Жалпысынан шаар боюнча 539 эне "Баатыр Эне" ордени менен, 253 адам "Эне Даӊкы" медалы менен сыйланышты.

Бишкек шаарынын мэриясы апаларыбызды майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт! Сиздерге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайбыз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!